MPAA Рейтинг Системасы

MPAA Ассоциациясы (Motion Picture Association of America, кырг. Америка Киноассоциациясы) фильмдер үчүн атайын рейтинг системасын түзгөн. Анын жардамы менен ата-энелер бир кайсы фильм балдарына көрүү үчүн ылайыктуу же жокпу билишсе болот.
Бул система 1968 жылы киргизилген, жана ошондон бери бир нече жолу жаңыртылган.
Жеке менден эскертүү – бул макаланы сайттагы жарыкты өчүрбөй туруп окууга сунушталат.

Кыскача маалымат барагы.
Кыскача маалымат барагы.

Белгилеп коюу керек, бул рейтинг фильм начар же жакшы дегени эмес. Ал система бир түрдүү фильмдерди чектеп коюуга максат койбойт. Болгону ата-энелер үчүн эскертме: балким фильмде жаш балдар үчүн ылайыксыз учурлары бар болушу мүмкүн дегенди түшүндүрөт.
Эмесе рейтинг кандай болуп бөлүнөөрүн көрөлү.

G Рейтинги – Жаш боюнча чектөөлөр жок.
Бул рейтинг берилген фильмдерде балдардын психикасына зыян келитрүүчү эч нерсе жок дегенди билдирет. Андай болсо да, бул фильмдер жаш балдар үчүн гана деп айтууга туура келбейт. Көп учурларда бул рейтинг комедия жана үй-бүлөлүк фильм жанрдагы кинолорго берилет.

PG Рейтинги – Ата-энелердин катышуусу сунушталат.
Бул рейтингдеги фильмдерди балдар ата-энесинин көзөмөлүндө көргөнү жакшы. Балким кээ-бир учурларын ата-энелер балдары үчүн ылайыксыз деп санашы мүмкүн. Бирок фильмде сексуалдык маанидеги жана баңгизат колдонгон жерлери жок.

PG13 Рейтинги – 13 жашка жетпеген балдарга ылайыксыз.
Ата-энелер үчүн эскертүү. Бул рейтингтеги фильмдер жаш балдарга көрүүгө сунушталбайт. Ал фильмдерде жыныстык катнаш жана зомбулук ачык көрсөтүлбөйт, бирок алар жөнүндө сөз түрүндө айта кетишет. Баңгизат тийиштүү жерлери болушу мүмкүн.

R Рейтинги – 17 жашка жетпегендерге ата-эне катышуусу милдет.
Бул фильмдерде сөзсүз чоңдор үчүн гана болгон материалдарды камтышат. Ал рейтингти алган фильмди жаш балдар менен көрүү туура эмес. R рейтингтеги фильмдерде жыныстык катнаш, баңгизат ичүү, сөгүнүш, жана зомбулук жерлери бар.

NC-17 Рейтинги – 18 жаштан өйдө гана.
Бул рейтингтеги фильмдерди 18 жаштан өйдө болгондорго гана көрүүгө болот. Жаштарга мүмкүн эмес, анткени анда сексуалдык учурлар, ачык жыныстык катнаш, ага жараша айтылыштар жана катуу зомбулук бар. Андай болсо да, бул рейтингди алган фильмдерди сөзсүз эле уятсыз жана порнографиялык деп айтуу туура эмес.

Мультфильмдин постери R рейтинги.
Мультфильмдин постери R рейтинги.

Фильм кайсы рейтингте болгонун өздүк маалыматында, же эң оңой жолу – постеринен билсе болот(мис. өйдө турган сүрөт). Жаш балдарга бир мультфильм же фильмди коюп берээрден мурда анын рейтинги кандай экенин билип коюу пайдалуу.

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x